Өзгөндө 470 млн. сомго бааланган базар мамлекетке кайтарылды

Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районундагы базардын 5 гектар жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Билдирмеге караганда, атайын кызматтын тергөө иштеринин жыйынтыгында Өзгөн районунда иштеп жаткан базардын 5 гектар жер тилкеси жана 1000 чарчы метр аянтты ээлеген административдик имараты ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылган.
Аталган объектинин баасы 470 миллион сомду түзөт.
"Бишкек" ЭЭАда 13,8 млн. сомдук мүлк сатылып кеткени аныкталды