УКМК: менчик лабораториялар анализдердин баасын төмөндөтмөй болду

"Интелмед" (Бонецкий лабораториясы) ЖЧКсы мамлекеттик медициналык мекемелерде дарыгердин жолдомосу менен барган бейтаптарга 50 пайызга чейин жеңилдетилген кызмат көрсөтө турган болду.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстанда бир катар менчик лабораториялар изилдөөлөрдүн (анализдердин) баасын 30 пайызга чейин төмөндөтөт. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, УКМКнын карапайым эл үчүн көрсөтүлүүчү медициналык лабораториялык кызматтардын баа саясатын жөнгө салуу боюнча жүргүзүп жаткан ишинин алкагында өлкөдөгү ири менчик медициналык мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөн.
"Сүйлөшүүдө "Интелмед" (Бонецкий лабораториясы), "Аквалаб", "Евролаб", "Гемотест", "Экспресс-плюс", "Медикана", "Лазмед клиникасы", Human "Интер-Лаб" (Инвитро), "Интермедикал" жана "Фарватер" ири компанияларындагы лабораториялык изилдөөлөрдүн (анализдердин) баасын 30 пайызга чейин төмөндөтүү макулдашылды", — деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, реагент жеткирген компаниялар реагенттердин баасын 15 пайызга чейин түшүрөрү сүйлөшүлгөн.
"Юрфа" ЖЧКсынын жетекчилиги текшерүү томографиясынан өткөн бааны 20 пайызга чейин төмөндөтсө, "Интелмед" (Бонецкий лабораториясы) ЖЧКсы мамлекеттик медициналык мекемелерде дарыгердин жолдомосу менен барган бейтаптарга 50 пайызга чейин жеңилдетилген кызмат көрсөтө турган болду", — деп жазылат билдирүүдө.
Атайын кызмат бааны жөнгө салуу боюнча мындай иштер улана турганын кошумчалады.
Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы эмнеге көтөрүлүп жатканы айтылды