БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Баткен жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин аталган аймактардан парламентке шайланган депутаттар Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев Борбордук шайлоо комитетине өз ыктыяры менен мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотууга арыз жазып, мандатынан ажыратылган.
Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелде өтөт.
Министрлер кабинетине шайлоону өткөрүү үчүн керектүү каражат бөлүп берүү тапшырмасы берилди.