Кыргызстандык жаштар Сириуста өткөн жүрүшкө катышты. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктар Сириуста (Россиядагы Краснодар крайы ) өтүп жаткан Дүйнөлүк жаштар фестивалындагы түстүү жүрүшкө катышты.
Ага дүйнөнүн булуң-бурчунан келген алты миң адам барган.
Ал эми фестивалга 190 мамлекеттен жалпы 20 миңдей жаш лидер чогулган. Алар — спорт, медиа, илим, бизнес, ыктыярчылык, кайрымдуулук, билим берүү, маданият жана башка тармактардын өкүлдөрү. Кыргызстандан 200дөй адам катышууда.
Иш-чара маанилүү маселелерди талкуулоо аянтчасына айланмакчы. Фестивалдын коноктору мастер-класстарга, талкууларга, панелдик сессияларга жана тренингдерге катышып, чыгармачыл топтордун спектаклдерин көрүшөт.
Россиядагы Дүйнөлүк жаштар фестивалы. Кыргызстандыктар сезимдери менен бөлүштү