"Каракол" аэропортунун курулуш иштери аяктап калды. Сүрөт

Объектини быйыл күзүндө пайдаланууга берүү пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. "Каракол" аэропортунун курулуш иштеринин 80 пайызы бүткөнүн "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

"Каракол" аэропортунун курулуш иштеринин 80 пайызы бүткөнүн "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады

2 / 2

Билдирмеге караганда, курулуш иштери менен аэропорттун директору Манасбек Самидинов таанышкан

Билдирмеге караганда, курулуш иштери менен аэропорттун директору Манасбек Самидинов таанышкан.
"Жаңы салынып жаткан "Каракол" аэропортунун курулушу бүтөйүн деп калды, 80 пайыз жумуш аяктады. Күн жылыганда аба майдандын учуп-конуу тилкеси 3 750 метрге чейин кеңейтилмекчи. Ага чейин жумуш убактылуу токтоп турат", — деп жазылат маалыматта.
Курулуш иштери бүткөндөн кийин саатына 200-250 жүргүнчү тейлеп баштайт. Объектини быйыл күзүндө пайдаланууга берүү пландалууда.
Туманбаев: "Асман шаарынын" долбоору токтогон жок, курулушу майда башталат