АКШда эки кыргызстандык жол кырсыктан көз жумду

Учурда элчилик тарабынан каза болгондордун сөөгүн мекенге жеткирүү маселеси каралып жатканы кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы АКШнын Филадельфия шаарында Кыргызстандын эки жараны жол кырсыгынан көз жумганын тастыктады.
Буга чейин соцтармакта Филадельфияда жол кырсыгынан эки кыргызстандык жигит каза тапканы, анын бири АКШга апасы менен жаңы эле барып, жеткирүү кызматында иштеп жатканы тууралуу маалымат тараган.
"АКШдагы элчиликтин маалыматы боюнча, Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарындагы шосседе Кыргызстандын эки жараны каза тапкан. Көз жумган жигиттер 21 жана 22 жашта болушкан", — деп жазылат маалыматта.
Учурда элчилик тарабынан кырсыктын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, каза болгондордун сөөгүн мекенге жеткирүү маселеси каралып жатканы кошумчаланды.
Honda Jazz имаратты сүзүп аңтарылып калган. Сүлүктүдө үч бала каза болду