Бишкекте эки ТЭЦ жана бир нече от казан куруу пландалууда

Былтыр жылуулук менен камсыздоо боюнча масштабдуу план карала баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бишкекте эки жылуулук электр борбору менен бир нече от казан куруу каралып жатканын энергетика министри Талайбек Байгазиев брифинг учурунда билдирди.
Ал былтыр жылуулук менен камсыздоо боюнча масштабдуу план карала баштаганын айтып, жакын арада бийлик "ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдик алакага өтө турганын" белгиледи.
"Мында "Бишкексельмаш" от казаны реконструкцияланып, энергетикалык кубаттуулугу 100, жылуулук берүүчү кубаттуулугу 200-300 мегаваттка жеткен ТЭЦ курулат", — деди Байгазиев.
Энергетика министрлигинин мындан тышкаркы пландары:
Мамлекеттик ипотекалык компания үй куруп жаткан ТЭЦ-2 аймагында газ менен жылытуучу от казандарды куруу;
электр энергиясы менен жылыган көп кабаттуу үйлөр үчүн өзүнчө от казандарды куруу.
Бишкек ТЭЦинин быйылкы ремонту 40 күнгө созулушу мүмкүн