Одоно тартип бузган 21 бажычы жумуштан бошотулду

Дагы 13 кызматкерге катуу тартиптик чара көрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бажы кызматынын 21 кызматкери жумуштан бошотулду. Бул тууралуу аталган ведомство кабарлады.
Маалыматка караганда, президенттин коррупцияга каршы иштерди күчөтүү боюнча берген көрсөтмөсүнүн алкагында ички териштирүү жүргөн. Натыйжада одоно тартип бузгандар (инспектордон жетекчиликке чейин), коррупцияга илешкендер аныкталып, 21 кызматкер иштен бошотулган.
Дагы 13 кызматкерге катуу тартиптик чара көрүлгөн. Бирок териштирүү кайсы убакта болгону айтылган жок. Материалдар тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга өткөрүп берилди.
Эске салсак, өткөн жылдын соңунда Көлбаев менен Матраимовго тиешеси бар делип 180 мамкызматкер иштен алынган.
Бажычы Замирбек Карашев мамлекетке 18,8 млн. сом төлөп абактан чыкты