БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Нарындын Ат-Башы районунда мамлекеттик администрация чычырканак, карагат мөмө-жемиштерин өстүрүү, жайылтуу жана экспорттоо боюнча атайын форум уюштурганын жергиликтүү кабарчы билдирди.
Маалыматта аталган райондо жети кластердик багытта иш жүрүп жатканы, буга эт, сүт, бал, балык, дары чөп, чычырканак менен карагат кирери айтылган.
Форумга Мөмө-жемиштер ассоциациясынын башчысы Тилек Токтогазиев, президенттин Нарындагы өкүлүнүн аппараты, Нарын районунун акими, өлкө аймактарындагы кайра иштетүү ишканаларынын жетекчилери, бизнес-ассоциациялар, экологиялык продукцияларды өндүрүү боюнча адистер жана райондогу дыйкан, фермерлер катышкан.
"Органикалык аймак статусун алып жүргөн Ат-Башы районунда дүйнө жүзүндө суроо-талап жараткан чычырканакты экспорттоого чоң кадамдар жасалууда. Климаттык шарты туура келген биздин аймакта чычырканактын Алтай сорту райондогу 12 айылга жайылтылган. Эки жылдан бери 10 гектар жерге айдалып, быйыл дагы үч гектарга көбөйтүү аракеттери жүрүүдө. Форумда бүгүнкү күнү Япония, Канада чычырканак алууга даяр экени белгилүү болду", — деп айтылат райадминистрациянын маалыматында.
Ат-Башы районунун акими Эмилбек Абдыкадыров чычырканактын килограммы азыркы тапта 150-160 сом экенин, бул баа менен бир гектардан 1,5-2 миллион сомдук товар өндүрүлөрүн белгиледи.