ОшМУнун медициналык клиникасында кардиохирургия бөлүмү ачылды

Буга чейин медициналык клиникада биринчи жолу бейтаптын жүрөгү согуп турган абалда ачык түрдөгү хирургиялык операция жасалган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата окуу жайдын медициналык клиникасында кардиохирургия бөлүмү ачылып, пайдаланууга берилди. Бул туурасында окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.
Салтанаттуу аземге билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, саламаттык сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова, Түркия, Казакстан, Россия, Өзбекстан жана Кыргызстандагы кардиохирургия, кардиология, хирургия, эндовидеохирургия, урология боюнча белгилүү дарыгерлер, окумуштуулар, окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты.
1 / 4

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата окуу жайдын медициналык клиникасында кардиохирургия бөлүмү ачылып, пайдаланууга берилди

2 / 4

Салтанаттуу аземге билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, саламаттык сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова, Түркия, Казакстан, Россия, Өзбекстан жана Кыргызстандагы кардиохирургия, кардиология, хирургия, эндовидеохирургия, урология боюнча белгилүү дарыгерлер, окумуштуулар, окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты

3 / 4

Алар кардиохирургия бөлүмүндө операцияларды жасоого, жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алууга түзүлгөн шарттар менен таанышкан

4 / 4

Бөлүмдүн ачылыш аземинин алкагында медициналык клиниканын алдына коноктордун катышуусунда “Ден соолук” көчөттөрү отургузулган

Алар кардиохирургия бөлүмүндө операцияларды жасоого, жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алууга түзүлгөн шарттар менен таанышкан.
“Бөлүм акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган. Буга чейин медициналык клиникада биринчи жолу бейтаптын жүрөгүн токтотпой, согуп турган абалда ачык хирургиялык операция жасалган”, — деп айтылат маалыматта.
Бөлүмдүн ачылыш аземинин алкагында медициналык клиниканын алдына коноктордун катышуусунда “Ден соолук” көчөттөрү отургузулган.
“Кардиохирургия бизге абдан керек, анткени бул оорулар жашарып бара жатат. Ооруларды алдын алуу ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө ОшМУ абдан жакшы иштерди алып барууда. Илимге жана билимге азыр чек жок, алдыңкы тажрыйбалар менен алмашууда ОшМУ лидер окуу жайлардын катарына кирет”, — деп айткан Кендирбаева.
Өлкөдө 66 мамлекеттик дарыкана ачылды. Саны дагы көбөйөт