Ош жана Жалал-Абад облустарында 5 мамлекеттик дарыкана ачылды

Ушул тапта республика боюнча жалпысынан 74 "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасы иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Ош жана Жалал-Абад облустарында "Эл Аман" деп аталган беш мамлекеттик дарыкана ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
1 / 3

Ош жана Жалал-Абад облустарында "Эл Аман" деп аталган беш мамлекеттик дарыкана ачылды

2 / 3

Ачылыш аземине министр Алымкадыр Бейшеналиев катышып, мамлекеттик аптекалар карапайым калк үчүн иштеп жатканын, дарылар арзан экенин белгилеген

3 / 3

Жаңы дарыканалар Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын, Ош облустар аралык тери-венерология борборунун, Ноокаттагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборлорунун базасында иштейт

Ачылыш аземине министр Алымкадыр Бейшеналиев катышып, мамлекеттик аптекалар карапайым калк үчүн иштеп жатканын, дарылар арзан экенин белгилеген.
Жаңы дарыканалар Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын, Ош облустар аралык Тери-венерология борборунун, Ноокаттагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборлорунун базасында иштейт.
Учурда мамлекеттик дарыканаларда дары-дармектин 2500гө жакын түрү бар экени, келечекте дагы көбөйтүлөрү айтылды.
Ушул тапта республика боюнча жалпысынан 74 "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасы иштеп жатат.
Кыргызстанда дарыканаларды текшерүү башталды. Лицензиясы жок болсо жабылат