Кыргызстандыктар Россиядагы патриоттук ырлар сынагында жеңүүчү болушту

Кубанычбек Атамбаев менен Роман Чеснов — Кыргыз улуттук консерваториясынын студенттери.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктар Кубанычбек Атамбаев менен Роман Чеснов Россияда өткөн "Муундар баскан жол менен" аталышындагы патриоттук ырлар сынагында жеңүүчү болушканын РФтин Бишкектеги илим жана маданият борбору ("Русский дом") маалымдады.
1 / 2

Кыргызстандыктар Кубанычбек Атамбаев менен Роман Чеснов Россияда өткөн "Муундар баскан жол менен" аталышындагы патриоттук ырлар сынагында жеңүүчү болушканын РФтин Бишкектеги илим жана маданият борбору ("Русский дом") маалымдады

2 / 2

Конкурс Ноябрьск шаарында өткөн. Ага Россия, Беларусь жана Кыргызстандан 150 киши катышкан.

Конкурс Ноябрьск шаарында өткөн. Ага Россия, Беларусь жана Кыргызстандан 150 киши катышкан.

"Сынакта Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунун куратору Игорь Воронцов ардактуу конок болду. Ар кыл категорияда өнөрүн көрсөткөн Кубанычбек Атамбаев менен Роман Чеснов биринчи орунду ээлешти. Экөө тең Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын студенттери. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.

23 жылдан бери аталган сынакка 2000ден ашуун талант катышкан. 2015-жылдан тарта конкурсанттардын катарына россиялыктардан тышкары Беларусь, Грузия, Молдова, Австрия, Португалия, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандан баргандар да кошулду.
2019-жылы Миран Жанарбаев менен Тимур Кожобеков лауреат болушкан.
Бишкекте бильярд спорту боюнча дүйнө чемпионатынын финалы өттү. Видео