Сулуу, чырайлуу, өзгөчө дегенди билдирген "адейи" деген сөз бар. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, "Манаста" көптөгөн кызыктуу маалыматтар камтылган.
"Эпосто кездешкен көөнө сөздөрдүн ичинде "адейи" деген бар. Анын мааниси атайы, өзгөчө, чырайлуу, сулуу дегенди билдирет. "Манаста": "Астейдил басып буралып,/Адейи сулуу каркы бар./Ак мараладай сыналып,/Жылгадан чыктың бастырып,/Жаш жүрөгүң аптыгып" деген сындуу саптар кездешет. Адейи деп айымдардын, өзгөчө оймок ооз, бото көз Каныкейдей, "карды көр да этин көр, кардай аппак бетин көр, кар үстүнө кан тамса, кандан кызыл этин көр, майың-майың басканы, мажүрүм талдай чачтары" деген саптарда айтылган Айчүрөктөй сулууларга колдонулат", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал эпос улуттук наркты жайылтуу үчүн эбегейсиз байлык экенин кошумчалады.