Кыргызстанда улакчылар оюн учурунда жаракат алса компенсация төлөнөт

Полис ар бир оюнчуга 2,8 миң сомдон айланат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстанда улакчылар оюн учурунда жаракат алса компенсация ала баштайт.
Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Нурлан Максутов оюнчулардын ден соолугун камсыздандыруу процесси башталганын билдирди. Тиешелүү полисти алгачкылардан болуп Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасы алды.
"Ар бир команда камсыздандыруу процедурасынан өтүшү керек. Полисти албагандар турнирлерге катыша албайт", — деди Максутов.
Полис 2,8 миң сом болот (минималдуу коюму), камсыздандыруу төлөмүнүн суммасы 200 миң сомго чейин деп белгиленген.
Кыргызстан Казакстанда өтчү Көчмөндөр оюндарына көк бөрүнү кошууну сунуштады