"Азыр өзгөчө орто мектептердин окутуу программаларынын көп үлгүлөрү сырттан, башка мамлекеттерден ар кандай долбоор болуп келет. Ал жакта баланын максималдуу билим алышына, мобилдүү болушуна басым жасалып, тарбиясы, адамдык өнүгүүсү каралбайт. Ал эми ата-эне баласынын тарбиясын көп учурда мектепке тапшырып коюп, өздөрү көр тириликтен бошобойт. Жыйынтыгында биз курсагы ток, кийими бүтүн, бирок жашап жаткан чөйрөсү менен кең пейил мамиле жасоону билбеген, башканы да, өзүн да сыйлай албаган, көрөңгөсү ойгонбогон муунду өстүрүп жатабыз. Ал эми ааламдашуу доорунун илдетине айланган интернеттен башка өнүккөн өлкөлөргө окшоп балдарыбыз үчүн пайдалуу гана булактарынын көзүн ачпай ээн таштап коюп, алар түрдүү азгырыктарга кирип кетишүүдө. Түнү менен компьютердик клубдарда ойноп отуруп, эртең менен мектепке барган балдарды көрүп жүрөбүз. Ал эми бул учурда коом "баланы ата-эне тарбиялаш керек, жок, мектеп тарбиялайт" деп талашып отуруп, убакыттан уттуруп келебиз", — деди Рысбаев.