Акчаны курьерден алдырткан шылуундар көбөйүүдө. Милиция таксисттерге кайрылды

Тартип сакчылар айдоочулар капысынан эле "Алдамчылык" беренеси боюнча жоопкерчиликке тартылып калышы мүмкүн экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкекте беш курьер алдамчылык боюнча кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Башкармалык акыркы күндөрү телефон аркылуу алдамчылык фактылары көбөйүп жатканын эске салды. Мисалы, февралдын соңунда бир аялга белгисиз адам чалып, келини жол кырсыгына кабылганын айткан. Ал келиндин ишин оң жакка чечүү үчүн 100 миң сом жана 500 доллар алган. Шектүү каражатты курьерлик кызмат көрсөткөн таксист аркылуу алдыртканы белгилүү болуп, натыйжада таксист да көрсөтмө берүүгө аргасыз болгон.
Буга байланыштуу милиция Telegram-каналдагы топтордо жумуш издеп жүргөн жарандарга, айдоочуларга жана таксисттерге кайрылды.
"Алар алдамчылыкка барып жатканын билбей чабарман катары бирөөнүн үйүнө барып акчасын алса, "Алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылып калышы мүмкүн", — деп жазылган маалыматта.
Милиция курьердин аракети уюшкан топко кошулуу катары каралышы да ыктымал экенин эскертти.
“Келиниңиз кырсыкка кабылды” деп аялды алдап, акчасын алган шектүү кармалды