Республика боюнча мектеп директорлугуна 375 бош орун бар. Талаптар

Бир адам бир мектепке эки ирет, беш жылдан дайындала алат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Республика боюнча мектеп директорлугуна 375 бош орун бар. Бул тууралуу Билим берүү министрлигигинин өкүлдөрү маалымат жыйында билдирди.
Эртең, 4-марттан тарта, сынакка арыздарды кабыл алуу башталат. Конкурстун өзү бир убакта Ошто жана Бишкекте өткөрүлүп, талапкерлер шаарларга келип компьютер аркылуу тапшырышы керек.
"Бир адам бир мектепке сынак аркылуу эки ирет дайындала алат, үчүнчү жолу ал башка мектепке конкурс аркылуу дайындалууга укуктуу. Аралыктары беш жылдан. Мектеп директорлугуна 7 жылдык үзгүлтүксүз педагогикалык тажрыйбасы бар, анын ичинде эки жыл директор же директордун орун басары болгондор талапкер боло алат", — деди министрликтин өкүлү Айнура Кусеинова.
Ал талапкерлердин жаш курагына чектөө жок экенин кошумчалады. Мындан тышкары, соттуулугу алына электер же аларга карата соттук териштирүүлөр жүрүп жаткандар сынакка катыша албайт.
Пресс-борбор
Мугалимдер үчүн "Санарип кампа" иштей баштайт. Министрлик чоо-жайы тууралуу