Трамп: Байдендин тушунда АКШнын дүйнөдөгү кадыры бир топ түштү

Американын экс-президенти азыркы америкалык лидердин дарегине байма-бай кескин сын айтып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жо Байдендин президенттигинин мезгилинде АКШнын дүйнөлүк аренадагы кадыры кыйла төмөндөдү. Бул тууралуу мурунку өлкө башчы Дональд Трамп соцтармактагы кайрылуусунда айтканын РИА Новости жазды.
"Америка барган сайын алсыз болуп, баркы кетип жатат. Жо Байден үчүнчү дүйнөлүк согуштун босогосунда турат", — деген экс-президент.
Трамптын айтымында, АКШда учурда башаламандык өкүм сүрүүдө, мамлекет таланып-тонолуп жатат, ал эми экономика инфляциялык апааттан улам кыйроо үстүндө.
Американын экс-президенти азыркы америкалык лидердин дарегине байма-бай кескин сын айтып келет. Буга чейин анын Байденди фишисттер көзөмөлдөй турганын, интеллектуалдык деңгээли эң төмөн президент болгонун айтып, кызматына дал келе албаган, керек болсо "сүйлөп жаткан сахнасынан өз алдынча чыгуу үчүн кайда барарын билбеген" адам катары сыпаттаган учурлары арбын.
Трамп Байдендин президенттиги тууралуу Путиндин пикири менен макул болду