БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. 4-март, дүйшөмбүдө, күн ачык болот. Айрым жерлерде туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө -2...+3, Талас аймагында 0...-2, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2...+7, Ысык-Көл өрөөнүндө -3...+2 жылуу болсо, Нарында -1...-6 градус суук болору болжолдонду.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте 0...+2 градуска чейин көтөрүлөт. Ал эми Ош шаарында түнкүсүн кар жаап, күндүз +5...+7 градус жылуу болот.