Соцфонд: бир жылда пенсиянын орточо көлөмү 16%га өсүп 9 миң сомдон ашты

Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 2023-жылдын ичинде орточо пенсия 1 411 сомго көбөйүп, 9 188 сомду түздү. Бул туурасында Социалдык фонддун маалымат кызматы билдирди.
Мурдагы жылы орточо пенсия 7 777 сом болгон. Учурда өлкөдө жалпысынан 769,5 миң пенсионер бар, 2022-жылга салыштырмалуу 26,6 миң адамга өскөн.
Ал эми элден былтыр Соцфондго 63 миллиард 962 миллион сом түшкөн, ошол эле учурда пенсия үчүн 74 миллиард 964 миллион сом жумшалган. Анткени бир бөлүгү республикалык бюджеттен каржыланат.
Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун каражаттары 42 миллиард 168,5 миллион сомго жеткен. Мекеме ал каражатты инвестицияга жумшап бир жылда 4,3 миллиард сом киреше тапкан. Топтом бөлүгүн сурап барган жарандарга 1,1 миллиард сомдой берилген. Алардын басымдуу бөлүгү ипотека алууга короторун айткан.
Радио
Ыктыярдуу пенсиялык төлөм жүргүзүүнүн жаңы ыкмасы иштелип чыгууда