Радио

Альпинист Маметов: чокуларга чыгуу – чоң азарт

Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын мүчөсү, Mount Club туристтик агенттигинин негиздөөчүсү Жунус Маметов альпинизмдин тобокелчиликтери жогору жана кымбат экенин айтты.
Sputnik
Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан татаалдыгы жагынан түрдүү категориядагы чокулар бар. Бир жолу чокуга чыккан адам андан бийик чокуну багындырууну каалайт. Альпинизм чоң азарт экенин Жунус Маметов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бийик чокуларга чыккан адамдар өзүнүн күчүн, дараметин жакшы билишет.
"Кыргызстандын аймагынын көбүн бийик тоолор ээлеп турат. Бул – чет элдик альпинисттер үчүн бейиштин төрү. Жылдан-жылга өлкөдөгү чокуларды багындырууну самап келгендердин саны өсө баштады. Альпинизмге кызыккан кыргызстандыктар да көбөйүүдө. “Чокуга өзүңөрдү кыйнап эмнеге чыгасыңар” дегендер көп. Бир жолу чокуга чыккан адам андан бийик чокуну багындырууну каалайт. Күчүңдү, дараметиңди сынап, түрдүү кыйынчылыктарды жеңүүгө үйрөтөт. Башкысы, керемет кооздуктун айланасында өзүң менен өзүң болуп, бийиктиктен бийик ойлор келет. Бирок альпинизм оңой-олтоң иш эмес. Ага көп акча, даярданууга убакыт керектелет", — деди Масетов.
Ошондой эле адис альпинизмди өнүктүрүү менен өлкөнү дүйнөгө таанытып, жакшы киреше алып келсе болорун кошумчалады.