БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалынын ачылышын жарыялады.
Мамлекет башчысы Россия үчүн көп улуттуу биримдик эң чоң максат экенин, элдердин бир туугандыгы анын негизги таянычы, артыкчылыгы жана күчү бойдон кала берерин белгиледи.
“Бул аренага дээрлик 300 улуттун өкүлдөрү чогулду. Иш-чарага катышуу үчүн түшкөн жүз миңдеген арыз жаштар үчүн эч кандай чек же бөлүүчү сызыктар жок экенин көрсөттү. Сиздер коопсуз дүйнө кандай болушу керектигин билесиздер, аны түзүү сиздердин колуңуздарда”, — деди Путин.
Ал эгер Россия сөз берсе аны дайым аткарарын, диалогго ар дайым ачык экенин белгиледи.
“Фестивалдан позитивдүү эмоцияларды алып, үйүңүзгө Россияга болгон сүйүү сезими менен кайтып барасыздар деп ишенем”, — деди Путин.
Фестивалга 190 өлкөдөн 20 миң жаш лидер келген. Алар спорт, медиа, илим, бизнес, ыктыярчылык, кайрымдуулук, билим берүү, маданият, бизнес, медиа жана башка тармактардын өкүлдөрү.
Фестивалга Кыргызстандан 231 адам катышууда. Иш-чаранын коноктору мастер-класстарга, талкууларга, панелдик сессияларга жана тренингдерге катышып, чыгармачыл топтордун спектаклдерин көрүшөт.