БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында телефон аркылуу алдамчылык кылууга шектелген адам кармалганын Свердлов райондук милициясы билдирди.
Февраль айынын соңунда милицияга кайрылган аял анын шаардык телефонуна белгисиз адам чалып, келини жол кырсыгына кабылганын кабарлаганын билдирген. Телефон чалган киши кырсыктаган келиндин ишин оң жакка чечүү үчүн акча керектигин айтып, аялдын үйүнө келип 100 миң сом жана 500 долларын алып кеткен. Жабырлануучу алдап кеткен адамга карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Милиция аялдын үйүнө келип каражатты алып кеткен адамды тапкан. Анын таксист экендиги, ошол күнү буюртма аркылуу курьерлик кызматты аткаргандыгы аныкталган. Таксисттин көрсөтмөсүнүн негизинде буюртма берген адам кармалган.
Милиция алдамчылыкка шектүү 32 жаштагы К. А. убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин маалымдады. Анын уюлдук телефонун текшергенде 20-февралдан баштап кармалганга чейин 20га жакын такси кызматын пайдаланып, ар кандай эсептерге 40тан ашык акча которуулар ишке ашырылганы белгилүү болгон. Жалпысынан анын эсептерине 5 миллион 47 миң сом жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, анын капчыгынан 899 миң сом табылган.
Учурда кармалган адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого тиешеси бар-жоктугу такталып жатканын кошумчалашты.