БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. 5-мартта Бишкектин үч конушунда ичүүчү суу жок болот. Бул тууралуу "Бишкек суу канал" ишканасы кабарлады.
Билдирмеге караганда, таза суу саат 09:00дөн 15:00гө чейин Эне-Сай, Дордой – 1 жана Дордой – 2 конуштарында өчүрүлөт.
"Бул күнү "Эне-Сай" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштери жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
"Бишкек суу канал" башкармалыгы ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурап, ичүүчү сууну эртелеп камдап алууну суранды.