Арча-Бешикте ташталган ымыркай. Энесине соттун чечими чыкты

Сот аялды КР Кылмыш-жаза кодексинин "Эненин ымыркайынын өмүрүнө кол салышы" беренеси менен күнөөлүү деп тапты.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн биринин тосмосунун түбүнө ымыркайын таштап кеткен аялга карата чечим кабыл алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине шаардык соттон маалымдашты.
Баласын таштаган аял КР Кылмыш-жаза кодексинин "Эненин ымыркайынын өмүрүнө кол салышы" беренеси менен күнөөлүү деп табылды.

"С. Ж. аттуу аялга коюлган айыптар боюнча сот аны эки жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Бирок ага бир жылдык пробациялык көзөмөл колдонуу кабыл алынды", — дешти соттон.

Эске салсак, өткөн жылдын 19-ноябрында түнкүсүн Бишкектин Арча-Бешик конушунда дарбазанын түбүнөн полиэтилен пакетке оролуп, коробкага салынган наристе табылган. Милиция аны дароо төрөт үйүнө алып барып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Кийинчерээк баланы таятасы багып алам деп арыз бергени маалым болгон.
Милиция: Эне-Сай конушунда ара төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды