БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайга жасаган иш сапарынын алкагында Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун Артыш шаарындагы маданий борборго барды. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Анда Жапаровго Кызыл-Сууда отурукташкан элдердин, анын ичинде кыргыздардын тарых-таржымалын айтып беришти. Ал ошондой эле кызылсуулук кыргыздар колдонгон буюмдарды көрүп чыкты.
Маданий борбордогу "Манас" эпосуна арналган атайын музей менен таанышкан Акылбек Жапаров баштаган кыргыз делегациясына улуттук аспаптар менен чыгармалар тартууланып, "Манас" эпосунан үзүндү айтылды.
“Акылбек Жапаров Артыштагы маданий борборго улуттук колориттеги шырдакты белек кылып, жакынкы аралыкта музыкалык аспаптар берилерин билдирди”, - деп айтылат маалыматта.
Өкмөт башчы Артыштагы бул маданий борбор менен Бишкектеги "Манас" кыргыз улуттук театрынын кызматташтыгын бекемдөөнү Маданият министрлигине тапшырды.