Россияда бүгүн Жаштардын дүйнөлүк фестивалы башталат

Кыргызстандын атынан фестивалга 231 адам катышат. Иш-чара маанилүү көйгөйлөр талкууланган аянтча болуп бермекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Россияда бүгүн Жаштардын дүйнөлүк фестивалы башталат.
Иш-чара 1-7-март аралыгында Сириус федералдык аймагында өтүп, 4-мартта катышуучу өлкөлөрдүн жүрүшү уюштурулат.
Дүйнөнүн 190 мамлекетинен келген жаш лидерлердин саны 20 миңден ашат. Алар спорт, медиа, илим, бизнес, ыктыярчылык, кайрымдуулук, билим берүү, маданият, бизнес жана башка тармактардын өкүлдөрү болуп саналат.
Кыргызстандын атынан фестивалга 231 адам катышат. Иш-чара маанилүү көйгөйлөр талкууланган аянтча болуп бермекчи.
Фестивалдын коноктору мастер-класстарга, талкууларга, панелдик сессияларга жана тренингдерге катышып, чыгармачыл топтордун спектаклдерин көрүшөт. Мындан тышкары, Science Slam илимий-популярдуу шоусуна катышып, гастрофестивалда Россиянын аймактарынан келген тамактарды даамдай алышат. Ал эми "Валдай" дискуссиялык клубунун алкагында глобалдык маселелерди талкуулашат.
Радио
Россия Кыргызстанда КМШнын клубдар аралык чемпионатын өткөрүүнү сунуштады