"Торугарт", "Эркеч-Там" бекеттеринде бажычылар күнү-түнү иштей баштады

"Торугарт-2" комплексинин административдик имараты реконструкцияланып, алты жол тилкеси курулуп, жабык, жылууланган ангарлар орнотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пунктуларында кызмат өтөө 24/7 режимине өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Ага ылайык, эки бекетте иштеген бажы кызматкерлери кадимки тартипке өтүп, күнү-түнү иштей баштады.
"Торугарт" өткөрүү пунктунда бүгүнкү күндө "Торугарт-2" комплексинин административдик имараты реконструкцияланып, алты жол тилкеси курулуп, жабык, жылууланган ангарлар орнотулду. Бир эле учурда алты унаа бажы көзөмөлүнөн өткөрүлөт. Эки бекетте "Санарип тамга" долбоору пилоттук режимде ишке киргизилди", — деп жазылат маалыматта.
Мамлекеттик кызмат бажычылардын күнү-түнү иштей башташы, бажы процесстерин автоматташтыруу чек ара бекеттериндеги кезектин көбөйүп кетпей тез өтүүсүн шарттай турганы кошумчаланды.
Ташиев: Жалал-Абадда өлкөдө жок стадион пайда болот