Радио

Кыргызстан таяк тартыш боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыгууга аракет көрөт

Кыргызстандын Таяк тартыш федерациясынын президенти Бакыт Жетигенов ушул жылдын ноябрь айында Бишкекте мас-рестлинг боюнча дүйнө чемпионаты өтөрүн айтты.
Sputnik
Мас-рестлинг боюнча Кыргызстан дүйнөдө Россиянын курама командасынан кийинки экинчи орунда турат. Эми биринчи орунга көтөрүлүүгө бардык аракеттерди көрүү керектигин Бакыт Жетигенов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дүйнөдө кыргыз спортчуларын күчтүү атаандаш катары эсептеп, кооптонуп турушат.
"Эл аралык мас-рестлинг федерациясынан Кыргызстанда таяк тартыш боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүүгө уруксат алдык. Быйыл ноябрь айында ири мелдеш Бишкек шаарында өтөт. Учурда уюштуруу иштери боюнча Дене тарбия жана спорт департаменти менен биргеликте жолугушууларды өткөрүп, бюджети аныкталып даярдык башталды. Биздин спортчулар буга чейин дүйнө биринчилигинде алдыңкы орундарды ээлеп келет. Ошону эске алып мас-рестлинг боюнча ири турнирди бизде өткөрүүгө бел байладык. Негизи Кыргызстан дүйнөдө Россиянын курама командасынан кийинки экинчи орунда турат. Эми биринчи орунга көтөрүлүүгө бардык аракеттерди көрөбүз. Мисалы, Саха Республикасында (Якутия) таяк тартыштын орду абдан чоң. Мектептен баштап окутулуп, өлкө жетекчилигине чейин көңүл бурулат. Ошондуктан аларды дүйнөдө эч ким жеңе албай келет", — деди Жетигенов.
Ошондой эле адис өлкөдө Таяк тартыш федерациясына колдоо көрсөтүп, бул спортту жайылтууга демөөрчүлүк болсо жакшы өнүгөрүн кошумчалады.