20 миң доллар пара талап кылды деп милициянын подполковниги кармалды. Сүрөт

Азыркы учурда кылмышка тиешеси бар башка жооптуу кызмат адамдарын аныктоо максатында тергөө жүрүп жатканы кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. 20 миң доллар пара талап кылууга шектелип милициянын подполковниги кармалганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, А.Э. аттуу жаран милицияга BMW X7 үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар ээлик кылып алгандыгын айтып, чара көрүп берүүнү суранып кайрылган. Бирок ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын К.М., С.У. жана Т.А. аттуу ыкчам кызматкерлери бул иш үчүн 20 миң доллар пара талап кылышкан. Мындан улам А.Э. аттуу жаран Аскер прокуратурасына кайрылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Опузалап пара алуу") боюнча иш козголгон.
"Аскер прокуратурасы УКМК кызматкерлери менен бирге тергөө жүргүзүп, жыйынтыгында милициянын подполковниги К.М. С.У. жана Т.А. аттуу тааныш, ортомчулары менен Бишкектеги Ахунбаев жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде арыз ээсинен 4 миң доллар алып жаткан жеринен 29-февралда колго түшүрүлүп, камалышкан", — деп жазылат билдирмеде.
Азыркы учурда кылмышка тиешеси бар башка жооптуу кызмат адамдарын аныктоо максатында тергөө жүрүп жатканы кошумчаланды.
Бишкекте прокурордун жардамчысы пара алууга шектелип кармалды