"Дүйнөнү өзгөрткөн аял" сынагына арыздарды кабыл алуу 5-мартка чейин узартылды

Быйыл сынак Аялдардын эл аралык күнүнө гана эмес, үй-бүлө жылына жана Токтогон Алтыбасарованын 100 жылдыгына арналды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстанда жыл сайын өтүүчү "Дүйнөнү өзгөрткөн аял" улуттук сыйлыгына арыздарды кабыл алуу 5-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири, "Мекендештер биримдиги" коомдук уюмунун президенти Галина Кетова билдирди.
Быйыл сынак Аялдардын эл аралык күнүнө эмес, үй-бүлө жылына жана Токтогон Алтыбасарованын 100 жылдыгына арналды. Арыздар 1-февралдан 5-мартка чейин кабыл алынат. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар 7-март күнү Аялдардын эл аралык майрамынын алдында тапшырылат.
Анкетаны шилтеме аркылуу толтурса болот.