Быйыл Кыргызстандан Кытайга каттаган жаңы жол салынышы күтүлүүдө

Минкаб төрагасы эки өлкөнүн башчылары "Бедел" жаңы өткөрмө пунктун ачуу жана жолду 2024-жылы ишке киргизүү боюнча милдет коюшканын эске салган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайга жасаган иш сапарынын алкагында Кашкарда Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун башчысы Ма Синжуй менен жолугуп, Барскоон — Үч-Турпан — Аксу жолунун курулушу боюнча кеп козгоду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Минкаб төрагасы эки өлкөнүн башчылары "Бедел" жаңы өткөрмө пунктун ачуу жана жолду 2024-жылы ишке киргизүү боюнча милдет коюшканын эске салды.
"Албетте, "Бедел" эки өлкө ортосундагы достуктун жаңы этабын ачып, Кытайдан Борбор Азия жана андан башка өлкөлөргө жүк ташуулардын көбөйүшүнө чоң салым кошору шексиз", — деди өкмөт башчы.
Өз кезегинде Ма Синжуй Жапаровдун сунуштарын колдой турганын билдирген.
Буга чейин ТИМ кыргыз-кытай чек арасындагы Бедел ашуусунда дагы бир өткөрмө жайы (үчүнчү өткөрмө пункту) куруларын билдирген. Бедел ашуусу Кыргызстандын Ысык-Көл облусу менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун чек арасында жайгашкан.
"Торугарт", "Эркеч-Там" бекеттеринде бажычылар күнү-түнү иштей баштады