"Мен өзүм жаш депутат болуп келип жатсам, албетте, мени эч ким тааныбайт болчу. Ата-энем айылыбыздын, ошол аймактын кадыр-барктуу адамдары, ошолордун кадыры үчүн мага ишенип добуш беришкен", — деген эл өкүлү шайлоого катышкандагы чыгымын ата-энеси, жолдошу каржылаганын белгиледи.
Ал эми жеке инсан катары калыптанышына үй-бүлөдөгү тарбиянын, андан кийин Кытайдын Гуанчжоу шаарында билим алганынын таасири болду эсептейт. Исатбек кызы 16 жашында аталган шаардагы окуу жайлардын биринен билим алуу үчүн барып, эки жыл окуган.
Андан соң биздин маектин нугу депутаттык ишмердүүлүккө бурулду. Ал депутаттын иши өзү ойлогондон алда канча оор экенин, кээде жумушту ойлонуп, уктабай ыйлап чыккан түндөр болгонун айтат. Бул кызмат кенен профилди камтыгандыктан дагы билим алууга муктаж экенин сезип, магистратурага окууга тапшырган. Ошол эле учурда эмоциямды жөндөөнүн үстүндө да иштеп жатам деди ал.
Исатбек кызы болочок жолдошу менен Кытайда окуп жүргөндө таанышкан.
"Жолдошум менен таанышканда 17 жашта болчумун, ал менден алты жаш улуу. Төрт жыл сүйлөшүп жүрүп үйлөндүк, баш кошконубузга 11 жыл болду. "Мен сенин көз алдыңда чоңойдум, өзүңө ылайыктап тарбиялап алдың" деп өзүнө айтып калам. Учурда, кудайга шүгүр, эки балабызга татыктуу тарбия берүүгө аракет кылып келе жатабыз", — деди Исатбек кызы.
Тема боюнча: