Владимир Путиндин Федералдык жыйынга кайрылуусу

Путин: ийиндеше туруп, кооптуулук жараткандарга жооп берерибизди далилдедик

Путин кайрылууда атайын операцияда курман болгондорду эскерген аза мүнөтүн жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Биз ийиндеше туруп ар кыл көйгөйлүү чакырыктарга жооп берип, өтө кыйын маселелерди өзүбүз чече алабыз. Бул туурасында Владимир Путин Федералдык жыйынга кайрылып жатып айтты.
Россия лидери өлкөнүн чар тарабындагы мекенге болгон сүйүү сыймыктанууну жараткандыгын белгилеген.
"Биз чогулуп, ар кыл көйгөйлүү чакырыктарга жооп берип, өтө кыйын маселелерди өзүбүз чечип кое алабыз. Маселен, эл аралык террорчулуктун агрессиясын артка кайтардык, өлкөнүн биримдигин сактап, кезегинде бөлүп-жарып кетүүгө жол берген жокпуз. Боордошторубуздун Россия менен бирге болуу тилегин колдодук. Быйыл легендарлуу орус жазына 10 жыл толот. Азыр анын каармандарынын, крымдыктардын, севастополдуктардын, донбасстыктардын, алардын мекенине болгон сүйүүсү, энергиясы, күйүп-жанганы бүтүндөй бир муун аркылуу өттү, албетте, бул сыймыктанууну жаратат", — деди ал.
Путин кайрылууда атайын операцияда курман болгондорду эскерген аза мүнөтүн жарыялады.
"Мекендин кызыкчылыгы үчүн салгылашып жаткандардын бардыгына ыраазылыгымды билдирем. Согуштун сыноолорунан өтүп, өмүрөн күн сайын тобокелдикке салып жүрүшөт. Бүткүл эл силерге таазим кылат, курман болгондорго аза күтөт. Курман болгон баатырлардын элеси дайыма Россиянын эсинде", — деди Путин.
Путин Россия коопсуздугунун кепилдиги эмнеде экенин айтты