БИШКЕК, 29 фев — Sputnik. "Сөөк коюу жана сөөк коюу иши жөнүндө" жаңы мыйзамдын арты менен өлкөдө көрүстөн мафиясы жоголорун документтин демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, мыйзам кабыл алынганга чейин айрым адамдардын тобу сөөк коюуга жер тилкелеринин тартыштыгын өз пайдаларына колдонуп келген. Алар маркумдун жакындарынан сөөктү жерге берүү үчүн акча сурап турушкан.
"Эми жарандарды көмүү боюнча коррупциялык схема жоюлат. Мисалы, буга чейин шаар көрүстөндөрүнөн жер тилкелери сатып алынган. Аны айрымдар бөлүп-бөлүп сатып жүрүшкөн. Мүрзө үчүн жер 30 миң сомго чейин бааланышы мүмкүн болчу. Эми андай болбойт", — деди Маматалиев.
Ал кошумчалагандай, тууганынын каза болгондугу тууралуу маалым катты бир күндө эле алса болот.
"Бул күбөлүк мурда беш айга чейин берилчү. Кээ бир адамдар туугандарынын сөөгүн моргго берүүдөн баш тартып, бул үчүн акча төлөшкөн. Эми сөөк союлган-союлбаганына карабастан эки маалым кат берилиши керек (адамдын өлүмү жана анын себеби жөнүндө). Мындан тышкары, жаран Соцфондго кайрыла алат. Ал жактан каражат берилгенден кийин жергиликтүү бийлик органдарына барып, маалым кат менен акчаны берип, тууганын көмүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот", — деди парламентарий.