БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Кыргызстандын шаарларында сөөктү кремация кылган мамлекеттик жайлар салынмакчы. Бул тууралуу ЖК депутаты Марлен Маматалиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө крематорийлердин иштеши боюнча берене "Сөөк коюу жана сөөк коюу иши жөнүндө" мыйзамга киргизилет.
"Жаңы мыйзамда крематорийлердин курулушу каралган. Анын башкы максаты — биологиялык калдыктарды өрттөө. Мындан тышкары, туткан дини боюнча өзү кааласа, документациясы туура келсе, соттук териштирүүлөр жок болсо, Дин боюнча мамлекеттик комиссиянын уруксаты болсо гана адамдын сөөгүн өрттөөгө уруксат берилет", — деди Маматалиев.
Ал президент кол койгон мыйзамга ылайык крематорийлер шаарларда гана курулат, бирок алардын так саны азырынча белгисиз.
"Жарым жылдын ичинде мыйзамга кошумча нормативдик-укуктук актылар киргизилмекчи. Бул мыйзамда крематорийлер мамлекеттин эсебинен салынары жазылган. Алар айылдарда эмес, шаарларда гана болот. Сөөктү кремациялоо процедурасы белгилүү бир текшерүүлөрдөн өтөт. Аны Дин иштери боюнча мамлекеттик комитет менен Сөөк коюу бюросу көзөмөлдөмөкчү", — деди эл өкүлү.