БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Кыргызстанда үйдү күрөөканаларга коюуга тыюу салынат. Бул туурасында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев эскертти.
Анын айтымында, турак жайды күрөөгө коюуну сураган болсо, анда ал күрөөкана мыйзамсыз иштеп жатат. Жаңы мыйзам кабыл алынса үйү күрөөдөгү адам сотко кайрылып, алган суммасынын 30 пайызын гана берип кутула алат.
Министр кыргызстандыктар күрөөгө эмнелерди коерун тизмектеди:
алтын буюмдары — 74%;
телефондор — 10%;
тиричилик техникалары — 7%;
автоунаа — 5%.
Министрдин сөзүнөн кийин депутат Нуржигит Кадырбеков эгер күрөөканалар жарандардын үйүн тартып алган болсо укук коргоо органдарына арыз жазууга чакырды.