Караколдо бала уурдоо аракети болдубу? Милициянын жообу

Машинанын ичиндегилердин баары милицияга жеткирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Милиция Каракол шаарында баланы уурдоого аракет кылды дегендердин өздүгүн аныктады. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери 10 жаштагы баланы автоунаага салып кетүүгө аракет кылган Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын ичинде 16 жаштагы К.У., Э.Н., Ж.Б. жана А.И. аттуу мектеп окуучулары болгонун аныктаган.
"Социалдык тармактарга тараган видеодо Каракол шаарындагы №11 мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучулары тартылган. Алар унаага отургузууга аракет кылган бала 3-класстын окуучусу. Жашы жете электердин баары ата-энелеринин коштоосунда милиция бөлүмүнө жеткирилген. Мектеп окуучулары 27-февраль күнү автоунаа менен шаарды кыдырып жүргөнүн айтышкан. Ж.Б айдап бара жатып, жол жээгинде ойноп жаткан балдарды көрүп, алардын жанына токтогон. Өспүрүмдөр тамаша иретинде балдардын бирин унаага салып, жол жээгинде мындан ары ойнобос кылгылары келишкен. Учурда факт боюнча тергөө иштери уланууда", — деди ИИБ.
Буга чейин Каракол шаарында жол боюнда балдар менен ойноп жаткан баланы унаага салууга аракет кылган адамдар видеокамерага түшүп калган.
Депутат "ала качуу" беренесин "адам уурдоо" деп өзгөртүүнү сунуштады