Депутат Токтошев элди үйүндө жарык өчсө бийликти сотко берүүгө чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев элди үйүндө жарык өчсө бийликти сотко берүүгө чакырды.
Эл өкүлү шайлоочулары электр энергиясы эскертүүсүз эле өчүрүлүп жатканын айтып арызданганын белгиледи.
"Энергетика министрлигинин маалымат кызматы барбы өзү, иштейби же иштебейби? Эмне үчүн убагында калкка маалымдабайт. Болбосо жарандарга кайрылат элем, министрликти сотко бериңиздер, жөн эле утуп аласыздар. Себеби, биздин келишим боюнча, эскертүүсүз өчүрүп койсо келтирилген чыгымды өндүрүп алууга укугуңуздар бар. Ошондо гана булар эсине келет окшойт", — деди депутат.
Эл өкүлү эгер техникалык себептер болсо өчүрүүлөр тууралуу күн мурунтан кабардар кылууга чакырды.
Депутат Бишкекте жүк ташуучу унаалардын күндүз жүрүшүнө тыюу салууну сунуштады