Депутат Бишкекте жүк ташуучу унаалардын күндүз жүрүшүнө тыюу салууну сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Бишкек шаарында күндүз жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө тыюу салууну сунуштады.
Ал кечки саат 21:00дөн 6:00гө чейин жүргүзүү керектин айтты.
Эл өкүлү 3-класста окуган кызды фура тебелеп кеткен окуяны мисал келтирип, кошумча жол эрежесин киргизүүнү демилгеледи.
"Айдоочуну камап койгон менен көйгөй чечилбейт. Башка ыкмалар менен чечишибиз керек. Шаар чоңоюп жатат, калкы миллиондон ашты. Эгер чоң машиналар күндүз жүрбөсө жол кырсыктары, тыгындар бир аз болсо да азаят эле", — деди Токтошев.
Жол эрежесин бузгандарды видеого тартып алгандарга акы төлөө сунушталды