БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Батышта Украина жаңжалы боюнча тараган маалыматтар — болуп көрбөгөндөй калп. Бул тууралуу америкалык журналист Такер Карлсон билдиргенин @ino_tv жазды.
"Украина "жеңиштин босогосунда" деген түшүнүк туура эмес экенин моюндоо үчүн аскердик эксперт болуунун деле кереги жок. Бул үчүн жөн гана Википедияны карап коюу жетиштүү", — деди журналист.
Ал "Украина согушту сөзсүз жеңет" деген ой негизсиз экенин, америкалык маалымат каражаттары бул жаңылыш идеяны чыр-чатак башталгандан бери жайылтып келе жатканын белгилеген.
Журналист Россия НАТОнун бардык мамлекеттерине салыштырмалуу артиллериялык снаряддарды көп өндүрүп жатканын билгенде абдан таң калганын кошумчалаган.