Өкмөттүн суперкомпьютерлери жаңылана турганы белгилүү болду. Максаты

Минкаб башчысы заман менен кадамдаш болуу үчүн көп иш жасалышы керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Өкмөттүн суперкомпьютерлери жаңыланып, ал ChatGPT түзүүгө жардам берет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Өкмөт башчы Бишкекте өткөн Digital Kyrgyzstan ПЛАС-Форумуна катышууда. Жапаров заман менен кадамдаш болуу үчүн көп иш жасалышы керектигин белгилеген.
"Биринчиден, кыргыз тилиндеги маалыматтарды санариптештирүү зарыл. Бул өкмөттүн эле эмес, ар бир атуулдун да милдети деп эсептейм. Андыктан бул ишке ыктыярчыларды тартабыз, бизнес тараптан да сунуштарга ачыкпыз", — деди Жапаров.
Экинчиден, быйыл "акыркы Nvidia линиясы боюнча суперкомпьютерлер жаңыланат". Жапаровдун айтымында, санариптештирилген маалымат жана бул суперкомпьютерлердин жардамы менен кыргыз тилдүү ChatGPT түзүүгө мүмкүн болот. Өкмөт аталган багыт боюнча IT-коомчулугу менен иштешүүгө даяр.
"Үчүнчүдөн, инновациялык технологиялар борбору түзүлөт. Ал бардык багыт боюнча, анын ичинде жасалма интеллект жана кванттык эсеп жаатында инновациялык технологияларды иштеп чыгуу жана жайылтуу менен алек болот. Мындай аракеттер жасалма интеллектинин кыргызча аналогун өнүктүрүүгө жардам берип, мамлекеттик органдар бул технологияларды бардык тармакта пайдаланат деп ойлойм", — деди Жапаров.
Эскерте кетсек, бийлик суперкомпьютерлерди былтыркы жылдын башында көрсөткөн. Анын жардамы менен "мамлекеттик тилди, илим жана технологияларды өнүктүрүү" каралганы айтылган эле.
Программисттер ChatGPT жасалма интеллектинин кыргызча аналогун өнүктүрүүдө