Өкмөт башчы ЕАЭБ Сотунун делегациясы менен жолукту. Талкууланган маселелер

Тараптар соттордун ыйгарым укуктарын күчөтүү тууралуу да пикир алышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЕАЭБ Сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Алексей Дронов жетектеген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЕАЭБ Сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Алексей Дронов жетектеген делегация менен жолугушту

2 / 3

Жолугушууда биримдиктин мүчө мамлекеттеринин өз ара кызматташуусу, анын ичинде бирдиктүү экономикалык мейкиндикти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, товарларды чектөөсүз эркин жүгүртүү маселелери талкууланды

3 / 3

Тараптар ошондой эле соттордун ыйгарым укуктарын күчөтүү жана эл аралык экономикалык укук жаатында адистерди даярдоо боюнча пикир алышты

Жолугушууда биримдиктин мүчө мамлекеттеринин өз ара кызматташуусу, анын ичинде бирдиктүү экономикалык мейкиндикти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, товарларды чектөөсүз эркин жүгүртүү маселелери талкууланды.
“Тараптар ошондой эле соттордун ыйгарым укуктарын күчөтүү жана эл аралык экономикалык укук жаатында адистерди даярдоо боюнча пикир алышты”, — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстан чекене сооданын өсүшү боюнча ЕАЭБдеги лидер өлкөлөрдүн бири