БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. 2023-жыл ичинде өлкөдө театралдык оюн-зоок мекемелери тарабынан жаңы 81 спектакль коюлган. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Анда айтылгандай, өткөн жыл ичинде концерттик жаңы 40 программа иштелип чыккан. Жалпысынан жыл аралыгында коюлган спектакль, концерттик программалардын саны 3 171ди түзүп, көрүүчүлөр 1 миллион 144 миң 555ке жеткен.
Министрлик бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу алда канча көп экенин белгиледи. 2022-жылдагыга караганда өткөн жылы көрүүчүлөрдүн саны 56,46 пайызга көбөйгөн.
Ал эми жалпы спектакль, концерттик программалардын саны 26,18 пайызга, жаңы коюлган спектаклдер 76,09 пайызга өскөн.