Кыргызстандын футбол боюнча командасы "жашыруун" машыгат. Чоо-жайы

Мартта ата мекендик команданын эки беттеши өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Футбол боюнча улуттук команда 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алдында Түркияда "жашыруун" машыгууларды өткөрмөкчү. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол союзунан кабарлашты.
Мындай чечим союздун жаңы башчысы Камчыбек Ташиев менен болгон жыйындан кийин кабыл алынган.

"2-марттан 13-мартка чейин Антальяда машыктыруучулар штабы биздин жана чет элдик чемпионаттарга катышкан 26 футболчуну карап чыгат. Оюнчулардын тизмеси ачыкталбайт, анткени Кыргызстандын курама командасына тандоо жабык болот", — деп айтылат маалыматта.

13-19-март күндөрү Стефан Тарковичтин командасынын Вьетнамда пландалган машыгуусу башталат. Команда Түркиядагы тандоонун жыйынтыгы менен түзүлөрү кошумчаланды. Кытайлык Тайбэй менен беттештер 21-март жана 26-мартта өтмөкчү.
Футбол союзу БАЭде ойногон Автандил Дүйшеевди улуттук командага чакырууда