Минкаб төрагасы: ички дүң продукция 2050-жылы 200 млрд долларды түзөт

Технологияны колдонуу эки жылдын ичинде ИДПны эки эсеге, бюджетти үч эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандын ички дүң продукциясы 2050-жылы эл аралык каржы институттары болжолдогондой 20 миллиард эмес, 200 миллиард долларды түзөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өткөн Digital Kyrgyzstan ПЛАС-Форумунда билдирди.
Эксперттердин баамында, 2026-жылы дүйнөдөгү ишканалардын 80 пайыздан ашыгы жасалма интеллектинин инструменттерин колдонуп калат. Жасалма интеллектини өнүктүрүү экономикалык өсүштүн кыймылдаткыч күчү болуп калышы мүмкүн, бул үчүн чөйрө түзүү зарыл. Жапаров технологияны колдонуу эки жылдын ичинде ИДПны эки эсеге, бюджетти үч эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк бергенин белгилеген.
Минкаб башчысы кээ бир эл аралык каржы уюмдары 2050-жылга карата Кыргызстандын ички дүң продукциясы 20 миллиард доллар түзөрүн божомолдогонун айтып, бирок кайсы уюм экенин ачыктаган жок.
"Андай эмес. Биздин өлкөдө керектүү ресурстун баары бар, жаңы инновациялык технологияларга ачыкпыз жана 2050-жылга карата ИДП 200 миллиард долларга жетет", — деген Жапаров.
Өкмөттүн суперкомпьютерлери жаңылана турганы белгилүү болду. Максаты