1-марттан тарта турак жай соодасын "Түндүк" аркылуу онлайн жүргүзсө болот

Каттоо үчүн зарыл болгон бардык маалыматтар автоматтык түрдө толтурулат. Сатуучу менен кардар биометрикалык идентификация аркылуу өздүгүн гана тастыкташы керек болот.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев — Sputnik. Кыймылсыз мүлктү онлайн сатып алуу жана сатуу 1-марттан тарта башталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өткөн Digital Kyrgyzstan ПЛАС-Форумунда билдирди.
"1-марттан тарта биз кыймылсыз мүлктү онлайн сатып алуу жана сатууга старт беребиз. Тагыраагы, "Түндүк" платформасы аркылуу батирди кайра каттаса болот. Бул үчүн үйүн сатып жаткан адамдын да, сатып алып жаткан кардардын да "Түндүк" мобилдик тиркемеси жана электрондук кол тамгасы болушу керек", — деди Жапаров.
Анын айтымында, каттоо үчүн зарыл болгон бардык маалыматтар автоматтык түрдө толтурулат. Сатуучу менен кардар биометрикалык идентификация аркылуу өздүгүн гана тастыкташы керек болот.
Радио
Бексултанов: 40 миң медикти маалыматтык системага киргизүү максатталууда