"Геронтология деген түшүнүктү 1903-жылы орус дарыгери Илья Мечников алгачкылардан болуп айтып чыккан. Бул — карыялардын абалын изилдеген илим. Бишкек шаарында карылар борбору 2014-жылы муниципалитеттин каржылоосунда геронтологиялык борбор болуп өзгөртүлгөн. Анда пенсияга чыккандарды карап, кам көрүү үчүн дарыгерлер, тийиштүү адистер иш алып барат. Көбүнчө кароосуз, жалгыз калган карыялар келип жылына эки жолу бир айдан аталган борбордо эс алып кетишет. Айына борбор калаанын төрт районунан 80ден адам жолдомо алып келет. Жылына алганда миңге чукул пенсионер борборго келчү. Пенсионерлер медициналык кароодон өтүп, алар үчүн борбордо акысыз тамактануу, медициналык жардамдар уюштурулган. Ыр, бий жана башка ийримдер иш алып бара турган. Мунун баары карыяларды коомго керектигин көрсөтүү, ой басып жалгыздыктан жабыркабай жашашы үчүн жасалган. Бири-бири менен таанышып, пикир алышып коомго аралашууга мүмкүндүк түзүлөт. Мунун баары адам өзүн пенсияга чыкканда "эч кимге керек эмес" сездирбөө үчүн зарыл. Аймактарда дагы ушундай борборлорду уюштуруп, кары-картаңдарга шарт түзүлсө дурус болмок. Анткени пенсиялык курагы келип жумуштан кеткендер адатта "эми эч кимге керегим жок" деген ойго курчалып чөгүп кетишет. Ошондуктан улуу муундагы адамдарга коомго керек экендигин билдирип туруу маанилүү", — деди Абдиева.