Акылбек Жапаров эртең Кытайга барат

Жумушчу сапардын алкагында соода-экономикалык байланышты илгерилетүү боюнча эки жана көп тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-февралда Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Сапар 2-мартка чейин созулат. Анын алкагында Жапаров Кытайдын коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, СУАР партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов баштаган делегациялардын үч тараптуу жолугушуусуна катышат. Ошондой эле Кыргызстан, Өзбекстан, СУАР делегация башчыларынын "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү пунктуна барышы күтүлүүдө.
Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Кашкар шаарындагы "Нарын" эркин экономикалык аймагынын ишмердүүлүгү менен таанышып, "Кашкар" эркин экономикалык аймагында жайгашкан бондалык кампага барат.
Жумушчу сапардын алкагында соода-экономикалык байланышты илгерилетүү боюнча эки жана көп тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.
Кытайлык компания Нарында электр станцияларын курууга ниеттенүүдө