Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

50 майдандашын куткарып, Путинден медаль алган молдовалык ыктыярчы. Видео

Молдовада туулган Виктор Зотов 2022-жылдын июль айында Россиянын Куралдуу күчтөрүнө ыктыярчы катары жазылып, атайын операцияга аттанган.
Sputnik
Алгач санитардык инструктор болуп иштесе, кийинчерээк взводдун командирлигине дайындалган. Ал кармашка киргенде бир да жоокерин жоготкон эмес.
...Атайын оперциянын жүрүшүндө Зотовдун взводу турган позиция аркылуу башка бөлүктөрдүн камалоочулары кирген. Кармашта Виктор жаракат алгандардын ичинен 50 жоокерди кан күйгөн талаадан алып чыккан...
Өзүнүн буту талкаланып, эки ирет контузия алган. Учурда Зотов Подмосковьеде дарыланып, реабилитациядан өтүүдө. Ага Россия президентинин жарлыгы менен Өлүм коркунучунда тургандарды сактап калганы үчүн медалы ыйгарылган.